• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Бекназаров Ширшовго бир нече кылмыш иши козголгонун айтып чыкты

12 Бугу 2022 9:17 Бишкек Govori.TV

 «Дастан» корпорациясынын мурдагы директору Алексей Ширшовго каршы жок эле дегенде төрт-беш кылмыш иши козголгон жана ошол иштерге байланыштуу эл аралык издөөдө — Интерполдо издөөдө жүргөн. Бул тууралуу 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, азыр Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров «Азаттыкка» берген маегинде билдирген.

«Президентибизди кимдир бирөөлөр, балким айланасындагыларбы, айтор катуу жаңылыштыкка алып келген. Аны туура эмес нерселерди, чындыкка дал келбеген нерселерди айттырууга түрткөн. Бул таптакыр чындыкка дал келбейт. Менин толук эсимде жок, бирок Ширшовго каршы жок эле дегенде төрт-беш кылмыш иши козголгон жана ошол иштерге байланыштуу эл аралык издөөдө — Интерполдо издөөдө жүргөн. «Убактылуу өкмөт, Башкы прокуратура иш козгогон эмес деп айтты» дегенге мен ишенбейм. Ага карата бир ишти Башкы прокуратура, дагы бир ишти Коопсуздук кызматы жана Финполция да козгогон болушу керек эле. 2010-жылы тергөө иштерине мен куратор элем. Ошол маалда ар он күн сайын козголгон кылмыш иштери, тергөөнүн жүрүшү, издөөдө жүргөндөр, сыртынан соттолгондор тууралуу коомчулукка маалымат берип тургам. Муну жалпы кыргыз эли билет, чындыкты жашыра албайбыз. Биздин президентибизди кимдир бирөө атайын, мүмкүн жек көрсөтүш үчүн «андай иштер жок» деп айтып, аны катуу жаңылыштырып жатат. Андай иштер бар, жок деген сөздөр чындыкка дал келбейт»,-деп билдирген ал.

Количество просмотров: 91