• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бекназаров тойдо Текебаевдер менен сүрөткө түшпөгөнүнүн себебин айтты

7 Тогуздун айы 2019 16:39 Бишкек Govori.TV

Саясатчы Азимбек Бекназаров “Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаты Руслан Казакбаевдин уулунун тоюнда саясатчы Бабанов жана Текебаевдер менен сүрөткө түшпөгөнүнүн себебин айтты.

Атамбаевди үй камагына чыгарып койбойсуңбу деген ойду айтканым туура экенин кече ошол той дагы тастыктады. Анткени ал тойдо ошол эле Атамбаевдин аялы, баласы, Текебаев, Мадумаров, Бабанов, Ташиев дагы отурду. Биз кыргыз кичинекей элбиз. Эртең эле бир жерден болбосо, башка жерден жолугабыз. Ошондуктан мен айткам бири-бирибизди каралап, жазалагандан башка аяп кечиримдүү болгонду үйрөнүшүбүз керек. Кече мамлекеттик чиновниктердин Рая айым менен бийлегендерин көрдүм. Сүрөткө түшкөндөрүн көрдүм. Мен Таластын аксакалдары менен отурдум эле сүрөткө түшкөн жокмун. Аларга барган жокмун. Аксакалдар менен отургандан соң алар келип учурашса болмок алар келген жок мен да барган жокмун,-деди Бекназаров.

Количество просмотров: 2574