• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Бекназаровдун баласы кабылган кырсык боюнча Чүй ОИИББ маалымат таратты

15 Жалган куран 202413:48 Бишкек Govori.TV

 Свердлов районунун акиминин мурдагы биринчи орун басары Руслан Бекназаров кабылган кырсык боюнча Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы маалымат таратты.

Милиция билдиргендей, үстүбүздөгү жылдын 13-мартында “Тик ток” социалдык тармагында Азимбек Бекназаров президентке кайрылуу жасап, “Руслан аттуу уулунун унаасынын тормозной шлангдарын кесип, жол кырсыгына кабылттыңар, үй-бүлөмө тийишпегиле” жана башка ушул сыяктуу кайрылуусу интернет тармагына тараган.

Аталган факт Чүй ОИИББге катталып, сотко чейинки териштирүү иштерин жүргүзүү учурунда Сокулук районунун Военно-Антоновка айылынын тез жардам кызматынын фельдшери 1979-жылы туулган Ш.М. аттуу жаран суралып, ал төмөндөгүдөй көрсөтмө берген.

«2024-жылдын 12-мартында болжол саат 12:00 чамасында Бишкек — Манас аэропорт унаа жолунун 6 чакырымында “Хонда Фит” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 1981-жылы туулган Бекназаров Руслан аттуу жаран ошол эле Бишкек шаарын көздөй багыт алып бара жаткан жүргүнчү ташуучу М.В. аттуу жарандын башкаруусундагы “Мерседес Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү автоунааны жол эрежелерин сактабагандыктан сүзүп алып, жол кырсыгына кабылган. Б.Р. аттуу жаранга тез жардам кызматкерлери тарабынан биринчи жардам көрсөтүлгөн жана айдоочулар өз ара чечишип алдык дегенине байланыштуу, милиция кызматкерлерине кабар беришпегенин билдирген»,-деп жазылат маалыматта.

Учурда тергөө-ыкчам тобу тарабынан жол кырсыгы боюнча тийиштүү күбөлөр суралып, автоунаалар атайын унаа токтоочу жайга киргизилип, соттук-автотехникалык экспертизалар дайындалды.

Ал эми, “Хонда Фит” үлгүсүндөгү унааны соттук-автотехникалык эксперттин катышуусунда кароо жүргүзүү учурунда, ал унаанын токтотуучу (тормозной) системасы жана шлангдары кесилбегендиги жана тормоздук суюктугу челегинде өзүнүн нормасындагы абалда болгондугу аныкталды.

Азыркы учурда бул факт боюнча тийиштүү сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүүдө жана анын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын КЖПКнын талаптарына ылайык процессуалдык чечим кабыл алынат.

Количество просмотров: 598