• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бектур Асанов: Мен шайлоого катыша албасам, Жапаров дагы катышпашы керек

9 Бештин айы 2020 13:40 Бишкек Govori.TV

Эгерде шайлоого Бектур Асанов катышпаса, анда Садыр Жапаров дагы катышпашы керек. Мындай пикирди бүгүн, 9-декабрда саясатчы Бектур Асанов билдирди.

Анын айтымында, Жапаровдун шайлоого катышууга юридикалык жана моралдык укугу жок.

«Мыйзам алдында баарыбыз бирдей болушубуз керек. Ал эми шайлоо адилеттүү өтүшү керек. Эгер шайлоого мен катышпасам, Садыр Жапаров дагы катышпашы керек. Экөөбүздүн акыбалыбыз бирдей эмес. Аныкы бир аз оор. Жапаров жасалган кылмыш боюнча отуруп чыгып, бир күндө акталды. Ал эми биздики жасалбаган кылмыш. Бирок бүгүнкү күндө шайлоого катыша албай жатабыз, Жапаров катышып жатат. Мунун өзү адилетсиздик. Садыр Жапаровдун шайлоого катышууга юридикалык жана моралдык укугу жок»,- дейт Асанов.

Количество просмотров: 1006