• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

Бекжан Сагынбаев «Абдыш-Ата» клубуна өттү

14 Бирдин айы 2024 16:52 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын коргоочусу Бекжан Сагынбаев «Абдыш-Ата» клубуна өттү. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан билдиришти.

«Абдыш-Ата» КПЛ 2023-жылкы сезонунда экинчи жолу өлкөнүн чемпиону болду. Ата-мекендик клубду мартта АФК Кубогунун плей-офф баскычынын оюндары күтөт.

Өткөн сезондо Бекжан Сагынбаев «Дордойдун» курамында 13 беттеш өткөрдү.

Сагынбаев Кыргызстандын улуттук курамасында 2018-жылдын 22-март күнү Мьянма менен болгон беттеште дебют жасаган. Ал курама үчүн жалпысынан 42 беттеш өткөрүп, 4 гол киргизген.

Количество просмотров: 76