• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Бел» заставасында бир жоокер жарадар болду

18 Баш оона 2021 12:14 Бишкек Govori.TV

Чек ара отряддарынын биринде аскер кызматкерлери курал сактоочу бөлмөдөн имитациялык снарядды жерге түшүрүп алышкан. Ал жарылып бир жоокер жарадар болду. Бул тууралуу күч структураларына шилтеме берип, Kaktus.media жазды.

Маалыматка ылайык, 16-августта кечке маал, «Бел» заставасында аскер кызматындагы жоокерлер нөөмөтүн өтөгөндөн кийин курал жарагын тапшырып жатышкан. Ошол учурда жоокерлердин бири имитациялык снаряддарды колунан түшүрүп алып, чакан жардыруу болгон. Натыйжасында, бир киши жабыркаган.

Учурда аскер прокуратурасы иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

Количество просмотров: 286