Мурунку президент курманбек Бакиевди Беларусия бербей жатканын бүгүн парламент жыйынында билдирди. Жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев прокурордун өкүлдөрүнө Бакиевди артка кайтаруу боюнча кандай иштер жүрүп жатканына кызыгып, суроо узатты. Анда баш прокурор Өткүрбек Жамшитов «Беларусь өлкөсү менен кызматташуу боюнча келишимдер бар. Бирок, алар бизге Бакиевди бербей жатат. Саясий куугунтук бар деп эле баш тартышууда. Алардын мыйзамда ушундай жазылыптыр», -деди.