• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Белгилүү финансист Айдар Мокенов дүйнөдөн кайтты

28 Теке 202013:49 Бишкек Govori.TV

Коомчулукка финансы тармагы боюнча кеңешчи катары белгилүү болгон жана бир катар жетекчилик кызматтарда иштеген Айдар Мокенов 27-июлда узакка созулган оорудан кайтыш болду.

Жакындары маркумдун сөөгү 28-июлда жерге берилерин билдиришти. Маалыматка караганда, 57 жаштагы Мокенов көптөн бери ооруп жүргөн.

Мокенов Айдар Абдразакович 1963-жылы туулган. 1999-2001-жылы «Кыргызалтын» акционердик коомунун вице-президенти болгон.

2005-жылы өкмөткө караштуу Маалымат ресурстары жана технологиялар агенттигин, 2012-2013-жылдарда «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасын жетектеген.

2008-2009-жылдары Экономикалык өнүгүү министринин орун басары кызматын аркалаган. Эмгек тажрыйбасында мындан башка бир топ кызматтарда иштеп, бир катар мекемелерде финансылык-экономикалык кеңешчи болуп эмгектенген.

Айдар Мокеновдун артында жубайы, төрт баласы калды.

Количество просмотров: 30