«Арсенал» клубунун жарым коргоочусу Месут Өзил операцияга муктаж болгон 219 балага акча бөлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Месут Өзил кайрымдуулук иштери тууралуу Instagram баракчасына дагы жазган.
«Балдарга 219 операция жасалды. Алдыда дагы көптөгөн иштерди аткарыш керек. Мен жубайым менен баш кошоордун алдында операцияга муктаж 1000 балага жардам берерибизди айтканбыз. Өзгөчө рахматымды эл аралык медициналык бригадаларга билдирем», — деп жазган футболчу.