• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Бердымухамедов камактагы 800дөн ашык кишиге ырайым берди

25 Аяк оона 2020 9:16 Бишкек Govori.TV

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов өлкөнүн Эгемендик күнүнө карата камактагы 800дөн ашык адамга ырайым берди. Мамлекет башчы тиешелүү жарлыкка 24-сентябрда кол койду.

Ага ылайык, 815 киши эркиндикке чыгып, белгилүү бир аймакта жашоо сыяктуу кошумча жазаларынан бошотулат. Мунапыска илингендердин арасында үч чет өлкөлүк жаран бар.

Түркмөнстанда президент түрдүү майрамдарга карата абактагы адамдарга ырайым берип келет. Акыркы жолу Бердымухамедов Кадыр түндүн алдында 1 400 кишиге мунапыс жарыялаган.

Бирок саясий жана диний негиздер менен камалган жүздөгөн адам президенттин мунапыстары менен эркиндикке чыга элек.

Количество просмотров: 34