• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бердымухамедовун небереси президенттик сыйлык алды

2 Теке 2020 11:58 Бишкек Govori.TV

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун небереси Керимгулы парламенттин чечими менен президенттик «Tүркмөн Алтын асыры» сыйлыгына ээ болду.

Бул тууралуу «Түркмөнпортал» басылмасы жазды.

Керимгулы Бердымухамедов жаңы чыгармалары менен улуттук искусствонун өөрчүшүнө салым кошуп, маданий иш-чараларга ийгиликтүү катышканы үчүн алтын чынжырча жана 3500 манат (1000 доллар) менен сыйланды.

Керимгулы түркмөн президентинин эң белгилүү небереси. Ал чоң атасынын ырларына обон жаратып, экөө чогуу ырдашат.

«Tүркмен Алтын асыры» сынагы жыл сайын өлкөнүн Эгемендик майрамына карата уюштурулат. Ал адабият, өнөр жана маданият ишмерлеринин, жаш ырчылар менен талантуу балдардын арасында жүргүзүлүп келет.

Количество просмотров: 60