Берлинде кыргыз күүсү жаңырды

78

Бишкек.08.11.2018.Govori.TV

Кыргызстандык комузчулар Эламан Каныбеков жана Чолпон Мелисбековалар Чыңгыз Айтматовдун 90-жылдыгына карата Берлин шаарында өнөрлөрүн тартуулашты. Салтанаттуу иш-чара кыргыз диаспорасы тарабынан уюштурулуп,көрүүчүлөр көп болду.

Чыңгыз Айтматовдун 90-жылдыгын белгилөөдө анын чыгармаларынын негизинде тартылган кинолор көрсөтүлүп,аягында комузчулар улуттук аспаптын коштоосунда  кыргыз маданиятынын жүзүн көрсөтүшкөн.