• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Беш кишинин өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду

17 Бештин айы 2018 9:14 Бишкек Govori.TV

Бишкек.17.12.2018.Govori.TV.

Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда беш кишинин өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду. Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдиргендей, жекшемби кечке жуук катталган авариянын себеби териштириле баштады.

16-декабрда саат 16.00 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт айланма жолунда, Ысык-Ата районундагы Ивановка айылында «Фольксваген Пассат» менен «Тойота Ипсум» үлгүсүндөгү эки автоунаа кагылышып, анын бири өрттөнүп кеткен.

«Тойота Ипсум» машинесинде жети киши, ал эми экинчи автоунаада айдоочу жалгыз болгону айтылууда. Каза болгон төрт адам жети кишилик машиненин жүргүнчүлөрү, калган үчөө ооруканада.

«Фольксваген Пассаттын» айдоочусу машине менен кошо өрттөнүп кеткен. Кырсыкка эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Расмий маалыматка караганда, Кыргызстандын аймагында 2018-жылдын башынан бери 500дөн ашуун жол кырсыгы катталды.

Количество просмотров: 29