Караганда облусунун Сатпаев шаарында беш жаштагы кызды уурдоого жана зордуктоого шек саналып жаткан 62 жаштагы жергиликтүү тургун камакка алынды.
Бул маалыматты шаардык соттун басма сөз кызматы ырастады.
Соттун 26-июлдагы чечими менен шектүүнүн бөгөт чарасы аныкталып, ал эки айга камакка алынды.
24-июлга караган түнүтургундардын бири кичинекей кызды уурдап, батиринде күчтөп кармап тургандыгы жөнүндө кабар тарагандан кийин жүздөгөн киши көчөлөргө чыккан. Алар шектүүнүн үйүнүн алдына чогулуп, аны сотсуз жазалоо үчүн жашоочуларга өткөрүп берүүнү талап кылышкан. Окуя болгон жерде тартылган видеодо полициянын талкаланган автоунааларын, топтолгон адамдарды көрүүгө болот.
Жергиликтүү полиция менен акимчилик бул башаламандыктардан улам канча зыян келтирилгендиги жана канча киши кармалгандыгы боюнча маалымат бере элек. Буга чейин Ички иштер министрлиги мыйзам бузгандар аныкталып жатканын, алар «Бейбаштык» беренеси боюнча жоопкерчиликке тартыларын билдирген.