• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бешбармактын Гиннеске киргенин тастыктаган сертификат элге көрсөтүлдү

2 Бештин айы 2018 16:37 Бишкек Govori.TV
Бишкек.02.12.2018.Govori.TV.
Быйыл 11-мартта Бишкекте даярдалган бешбармак Гиннестин рекорддор китебине киргизилгенин тастыктаган сертификат элге көрсөтүлдү. Иш-чара 2-декабрда «Аю Grand Comfort» соода борборунда болду.
Бешбармактын Гиннеске киргенин аталган уюмдун расмий сайты да май айында жазган. Анда Бишкектеги бешбармактын салмагы 1 464 килограмм болгону жазылган.
Бешбармак менен кошо 117 метр чучук да даярдалган. Тамак үчүн сегиз жылкы союлуп, бир жарым тоннага жакын эт бышырылган. 150 литрге ылайыкталган 12 тай казан орнотулган.
Иш-чараны «Кыргыз тилектештиги» коомдук бирикмеси «Ак элечек», «Ак калпак» долбоорлорунун негиздөөчүлөрү «Аю Grand Comfort» фирмасы менен бирге уюштурган.
2015-жылы Казакстандын Астана шаарында 736 килограмм бешбармак даярдалып, Гиннестин рекорд китебине киргизилген эле.
Количество просмотров: 29