14-июль күнү Ош шаарындагы борбордук базардан сел агызып кетти деген бешинчи жарандын сөөгү Өзбектсандан табылды. Бүгүн 1985-жылы туулган Б.А. аттуу жарандын сөөгү Өзбекстан Республикасынын куткаруучулары тарабынан Андижан шаарындагы сайдан табылды.
Белгилей кетсек, издөө ишин жүргүзүү боюнча Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кайрылуусунун негизинде Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары да издөө-куткаруу ишин жүргүзүшкөн.