Бүгүн, 14-февралда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Молдовановкада жайгашкан № 27 түзөтүү колониясынан эркиндикке чыкты. Журналисттердин «бийлик менен сүйлөшүү болдубу?» деген суроосуна төмөнкүдөй жооп берди.
«Бул биздин бийлик мен керек болсо эртең сүйлөшөм же башка күнү сүйлөшөм. Мен ар бир бийликке айтып жатам «күнөөм жок» деп. Болгону бир күнөөм өтө ишенчээк болчу экенмин. Бир эле «Сокеге» эмес, башкаларга дагы»,- деди ал.