• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Билим берүү министрлиги окуучулардын каникулун узартуу демилгесин колдобойт

3 Бештин айы 2020 15:36 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министрлиги окуучулардын кышкы каникулун узартуу демилгесин колдобойт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

«Окуу процесси базалык планга ылайык, аралык форматында да жүргүзүлөт. Ал үчүн белгилүү бир сааттар бөлүнгөн. Академиялык сааттарды окуу процессинен алып салуу мүмкүн эмес. Буга байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги каникул убактысын узартуу демилгесин колдобойт»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2-декабрь күнү Бишкек шаардык кеңешинде коронавируска байланыштуу окуучулардын кышкы каникулун 14-декабрда эле баштап, 17-январга чейин улантуу тууралуу сунуш айтылган. Шаардык кеңештин депутаты Валентина Лисниченко сессияда каникулга кеткен ашыкча күндөр үчүн балдарды кийин май айында окутса болорун билдирген эле.

Количество просмотров: 8279