• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

“Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисин алган 23 жаштагы мугалим билдирүү таратты

8 Тогуздун айы 2019 18:32 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында иштеген 23 жаштагы мугалимдин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисине ээ болгону боюнча малымат тарап, коомчулукта катуу талкуу жаралган эле. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлиги түшүндүрмө берип, жогорудагы сыйлык кандай учурда берилээрин айтышкан.

Ал эми “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисине ээ болгон жаш мугалим Бактыгүл Жапар кызы бул боюнча өзүнүн билдирүүсүн жазды.

«Урматтуу интернет айдыңындагы достор, кесиптештер, журналисттер!

Кечээ жакында эле болуп өткөн Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик күнүнө арналган республикалык салтанаттуу жыйында “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен сыйланганым боюнча интернеттеги талкуу тууралуу оюмду билдирип коёюн деп чечтим.
Мен, Жапар кызы Бактыгүл Ош шаарындагы № 50 П. Ж. Нышанов атындагы мектеп-гимназиясында география мугалими катары 3 жылдан бери эмгектенип келем. Бюджеттик негизде жогорку окуу жайын аяктагандыгыма байланыштуу келишим боюнча 3 жыл иштеп беришим керек жана андан кийин да педагогикалык ишмердүүлүгүмдү улантайын деген чоң максатым бар.
Мен мектепке келгенге чейин да жогорку окуу жайында кайсы бир деңгээлде ийгиликтерди жаратып, тийиштүү сыйлыктар берилип келген. Мектепке жаңыдан келген жылы Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн мугалимдердин диагностикалык аттестациясында өзүмүн предметим боюнча шаарыбызда алдыңкы орунду ээлеп, грамота менен сыйлангам. Муну менен катар өткөн жылы уюштурулган мугалимдердин сынагында баш байгенин ээси болуп, башкармалыгыбыздын Ардак грамотасы жана кубок менен сыйлангам. Мунун менен катар Ош шаарынын мэриясынын сыйлыгы, Ош шаардык Кенешинин, Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамоталары, Жогорку Кеңештин ыраазылык баракчасы менен да сыйлангам. Бирок ушул сыйлыктардын бирөөсүнө да өзүмдү сунуштап, тааныш салып, жүгүргөн эмесмин.
Фейк аккаунт же башка фейк маалымат булактары аркылуу интернетте жазылып аткандай жаңы дайындалган Билим берүү жана илим министри К. Исаков менен эч кандай тааныштыгым жок, болгону мен ал иштеп кеткен ОшМУда окуганмын. Ал менин «күнөөм» болбосо керек. К. Исаковду мен ректорубуз катары, ал эми учурда Билим берүү жана илим министри катары гана тааныйм. Сыйлыкты алууда жаштыгым тоскоол болсо, анда айла жок. А мен нормалдуу ойлонгон киши катары, өзүмдү бир да сыйлыкка сунуштаган эмесмин, сунушталып келемин, бардык сыйлык мен үчүн күтүүсүз болуп келген (аша чапсам кечирим сурайм, чындык ошол). Ишенимди мындан ары да актаганга бүт аракетимди жумшайм.
Негизгиси, баарын Кудай көрүп турат, кимдики чын, кимдики ырас…», — деп жазган ал фейсбук баракчасына.

https://www.facebook.com/photo.php?fbid=2271587186465746&set=a.1882371998720602&type=3&theater
Количество просмотров: 145