• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Билим берүү жана илим министринин 2021-2023-жылдарга программасынын бет ачары болду

13 Чын куран 2021 9:12 Бишкек Govori.TV

2021-жылдын 12-апрелинде, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин 2021-2023-жылдарга программасынын бет ачары болду. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен тыгыз кызматташып келе жаткан өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык миссиялардын өкүлдөрү, ошондой эле бизнес чөйрөсүнөн жергиликтүү ишкерлер катышышты.

Чакырылган конокторду программанын өзөгү менен министр А. Бейшеналиев өзү тааныштырып, министрликтин алдында олуттуу чакырыктар турганын жар салды.

“Биздин жашоо эми мурдагыдай болбойт. Ошондуктан биз бир нече өсүү чекитине карай кадам жасоого аракет кылып көрүү үчүн жакынкы үч жылга карата практикалык аракеттерибиз концентрацияланган программаны иштеп чыктык”, – деди министр.

А. Бейшеналиевдин белгилешинче, бул программа билим берүү жана илим системасын өнүктүрүүгө жана аларды жаңы сапаттык абалга өткөрүүгө; мугалимдин статусун жогорулатууга; билим берүү көйгөйлөрүнө коомчулукту тартууга өбөлгө түзүүчү шарттарды түзүү жана өнүктүрүү боюнча министрдин ишмердүүлүгүнүн максаттарын жана негизги багыттарын аныктоочу стратегиялык документ болуп саналат.

Программанын негизги максаттары:

ар бир билим алуучунун социалдык ийгиликке жетишүүсү үчүн инсанды креативдүү өнүктүрүүгө багытталган инновациялык билим берүү чөйрөсүн түзүү;

  • педагогикалык кызматкерлерди кесиптик жана инсандык жактан өстүрүү системасын оптималдаштыруу;
  • билим берүүнүн сапатын жана билим алууга болгон шыкты арттыруу;
  • Кыргыз Республикасынын жаранынын руханий-адеп-ахлактык, социалдык жактан адаптацияланган жана кесипке багыт алган инсандыгын калыптандыруу үчүн оптималдуу шарттарды түзүү.

Сөзүн жыйынтыктап жатып, А. Бейшеналиев министрлик тарабынан көтөрүлгөн демилгелерди ишке ашыруу билим берүү, илим, инновациялар системасын жаңы сапаттык деңгээлге чыгарууга мүмкүндүк берет деп үмүттөнүп жатканын айтты. Ошону менен бирге кыйын кезеңде Кыргызстандын билим берүү системасына колдоо көрсөтүп, жакындан жардам берген өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө министрликтин атынан ыраазычылык билдирди.

Эске сала кетсек, өткөн жылдан тартып өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу менен окуу процесси керектүү санариптик окутуу материалдары менен камсыздалып, билим берүүнүн бардык деңгээли аралыктан окутуу форматына өткөрүлгөн.

Количество просмотров: 105