• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Бильярд боюнча Дүйнө чемпионаты башталды

27 Бирдин айы 2024 17:42 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-февраль күнү чоңдор арасында бильярддын “айкалыш пирамида” түрү боюнча Дүйнө чемпионаты Бишкекте башталды.

Өлкө тарыхында алтынчы ирет өтүп жаткан бильярд боюнча таймашка 18 өлкөдөн 145 спортчу катышууда.

Салтанаттуу ачылыш аземге Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана спорт күйөрмандары катышты.

Таймашуулар Бишкектеги «Газпром-балдарга» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде өтүп жатат. Жарым финалдык жана финалдык беттешүүлөр 1-2-март күндөрү болот.

Белгилей кетсек, бул мелдештерге ата мекендик 24 спортчу катышып жатат, анын ичинде бильярд боюнча дүйнөнүн 3 жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев жана дүйнөнүн 2 жолку чемпиону Дастан Лепшаков дагы бар.

Количество просмотров: 76