• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Бир аптада 22 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы катталды

17 Теке 202312:51 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын аймагында бир апта ичинде 22 миң 348 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 730 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

Жол эрежесин бузуу фактылары:

  • тийиштүү документтери жок автоунаа башкаруу — 288;
  • мас абалында рулга отуруу — 218;
  • автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 60;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар -1 076;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 4 880;
  • автоээнбаштык — 6;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу — 4 499;
  • жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 6;
  • Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 миң 315.
Количество просмотров: 64