• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Бир жумада 23 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы катталды

25 Жалган куран 202412:31 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда бир жума ичинде 23 миң 218 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлады.

923 автоунаа ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн убактылуу айып короосуна киргизилген.

  • тийиштүү документтери жок автоунаа башкаруу – 239;
  • мас абалында унаа башкаруу – 97;
  • автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 40;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 948;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 640;
  • автоээнбаштык – 5;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу – 4 629;
  • жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу – 3;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 13 617.

ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.

Количество просмотров: 75