• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Бир Бол» фракциясы акыйкатчылык кызматка талапкер катары Рита Карасартованы алып чыгат

17 Аяк оона 2018 9:12 Бишкек Govori.TV
Бишкек.17.09.2018.Govori.TV.

Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясы акыйкатчылык кызматка талапкер катары Рита Карасартованы алып чыгат. Бул тууралуу айрым маалымат булактар билдирди.

Ал Жогорку Кеңештеги бардык фракцияларга кат түрүндө өзүнүн талапкерлигин көрсөтүп бергиле деп кайрылганын айткан.

Фракциялардын ичинен КСДП, «Республика-Ата Журт», «Бир Бол» фракциялары менин толук документтерин алышканын жана тиешелүү бардык документтерин бергенин жана алардын ичинен «Бир Бол» фракциясы Карасартованын талапкерлигин алып чыгаарын кошумчалаган.

Эске салсак, акыйкатчы кызматына КСДП фракциясы Токон Мамытовдун талапкерлигин, «Ата Мекен» фракциясы Канатбек Азиздин талапкерлигин көрсөтөт.

Количество просмотров: 13