• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Бир күндө 11 өрт кырсыгы катталды

15 Үчтүн айы 202210:12 Бишкек Govori.TV

Сутка ичинде республиканын аймагында 11 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 12 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкектин Балбан-Таймаш жаңы конушунун 3-көчөндө турак үйдүн 40 чарчы метр шыбы жана чатыры күйгөн.

Сокулук районунун Шопоков шаарындагы Турганов көчөсүндө жанаша салынган үч турак үй толугу менен күйгөн. Өрттү өчүрүүгө “Аю” ишканасынан ГАЗ-53 өрт өчүрүүчү автоунаасы жана Кытай ишканасынан бир суу ташуучу автоунаасы тартылган.

Баткендин Кадамжай районунун “Баяман” базарынын унаа токтотуучу жайында “Портер” үлгүсүндөгү автоунаанын алдыңкы жагы жана салону күйгөн.

Количество просмотров: 173