• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Бир мандаттуу округдардан БШКга алты арыз түштү

17 Аяк оона 2021 9:09 Бишкек Govori.TV

28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдиргендер Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арызын тапшырууда. 16-сентябрга карата, Боршайком билдиргендей, өзүн өзү көрсөткөндөр алтоо болду. Алар – Акылбек Сариев, Арсланбек Малиев, Атамша Дурсунов, Санжар Ибраимов, Анаш Сейтказиев жана Нурлан Танабаев.

Шайлоонун жыйынтыгында Жогорку Кеңештин 90 депутатынын 54ү Кыргызстан боюнча бирдиктүү округдан партиялык тизме менен, ал эми 36сы бир мандаттуу округдардан шайланып келиши керек.

Шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдиргендерден арыздар 13-октябрга, ал эми катталуу үчүн документтер 18-октябрга чейин кабыл алынат. Бир талапкер бир округдан гана каттала алат.

Бирдиктүү округдан катышуу ниетин 75 партия билдирген, алардын канчасы катоодон өтүп, шайлоого катышары азырынча анык боло элек.

Количество просмотров: 160