«Кыргызстан коммунистер партиясы” күздө өтчү шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, БШК аталган саясий партиянын өтүнүчүн 12-августта карап, аны канаатандырган.
Белгилей кетсек, 2020-жылдын 4-октябрында Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайлоо өтөт. Ушул тапта Жогорку Кеңешке келүү үчүн 43 партия ат салышууда.