• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Бир сутка ичинде пневмониядан 23 адам каза болду

3 Теке 202010:29 Бишкек Govori.TV

Ооруканадан сырткары пневмония жуктуруп алган (COVID-19 тастыкталбаган) стационардагы бейтаптардын саны – 1724.  Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда эртең мененки онлайн маалымат жыйында коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, реанимацияда – 112, оор абалдагылар 337 адам.

Бир сутка ичинде пневмониядан каза болгондор — 23. Жалпы каза болгондордун саны – 120 адам.

Бардыгы – 2508, алардын ичинен айыккандар – 664 адам.

Количество просмотров: 309