• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Бир суткада COVID-19 жуктуруп алган эки медкызматкер каза болду

5 Теке 202018:07 Бишкек Govori.TV

Акыркы суткада COVID-19 жуктуруп алган дагы эки медкызматкер каза болду — алар Ысык-Көл облусунда жана Бишкекте иштеп келишкен.

Коронавирусту жуктуруп каза болгон Ысык-Көл облусттук ооруканасынын педиатрия бөлүмүнүн 62 жаштагы дарыгери Эдил Садыков төрт күн оорукананын жандандыруу бөлүмүндө болгон. Садыковдун артында үч баласы калды.

Ошондой эле, COVID-19га чалдыккан Бишкек шаарындагы №2 төрөт үйүнүн акушери Заида Терекбаева көз жумганы белгилүү болду.

Ушуну менен коронавирус жуктуруп каза болгон медкызматкерлердин саны жетиге жетти — бирок азырынча жаңы учурлар расмий статистикага кире элек.

Булак: клооп.

Количество просмотров: 1647