• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Бирдиктүү электрондук почта системасы жөнүндө жобо бекитилди

15 Теке 2022 15:09 Бишкек Govori.TV

Бирдиктүү электрондук почта системасы жөнүндө жобо бекитилди. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгону өкмөттүн сайтында маалымдалат.

Аталган чечим аткаруу бийлигинин органдарына Бирдиктүү электрондук почта системасын орнотууга, президенттин 2020-жылдын 17-декабрындагы № 64 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткарууга багытталган.

Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Инфоком” мамлекеттик ишканасы Бирдиктүү электрондук почта системасынын техникалык оператору болуп аныкталды.

Белгилей кетсек, gov.kg домендик зонасында Бирдиктүү электрондук почта системасын түзүү мамлекеттик органдардын электрондук почта даректерин унификациялоого, бекитилген талаптарга жооп берген ведомстволук электрондук почта тутумун түзүү үчүн программалык-техникалык каражаттарды кошумча сатып алууну жана орнотууну четтетүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Количество просмотров: 158