• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартиби бекитилди

9 Баш оона 2022 17:57 Бишкек Govori.TV

Бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартиби бекитилди. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Мындай чечим Кыргыз Республикасынын бюджет системасындагы бюджеттик акча каражаттарын натыйжалуу башкаруу максатында кабыл алынды жана расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Белгилей кетсек, бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартиби бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын  Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттерин  кассалык аткаруу процессин уюштуруу жана камсыздоо тартибин аныктайт.

Бюджеттерди аткарууну кассалык тейлөө бюджеттик мыйзамдарга, ошондой эле ушул тартиптин ченемдерине ылайык жүзөгө ашырылат жана бюджеттерге каражаттардын түшүү процессин уюштуруу жана аларды бөлүштүрүү менен байланышкан операцияларды эсепке алууну, Бирдиктүү казыналык эсептин акча каражаттарын оперативдүү башкарууну, ошондой эле отчеттуулукту түзүүнү камсыз кылат.

Количество просмотров: 163