• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

«Бирге жаза, миңге сабак». Жапаров инисинин камалышы боюнча…

24 Теке 2023 11:28 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров инисинин кармалышы боюнча «Кабар» агенттигине берген маегинде пикирин билдирди.

«Азыр заман башка. Баарына бирдей мамиле. Коррупцияга аралаштыңбы мейли ким болбо камаласың. Мамлекетке канча чыгым келтирсең эки эселеп төлөйсүң, анан чыгасың. Төлөбөсөң жата бересиң. “Менин иним эле” деп камабай койсом башка инилерим да аралаша баштайт да. Кыргызда жакшы сөз бар: «Бирге жаза, миңге сабак»,- деген. Мына менин комментарийим»,-деп билдирген Жапаров.

Эске салсак, Улан Жапаров бажыдагы коррупциялык схемага катышкан деп шектелип кармалып, 26-июлга чейин №1 тергөө абагына камакка алынган.

Количество просмотров: 130