• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Бириккен Араб Эмиратынын шейхи Мохаммед бин Хамад бин Мохаммеда Аль Шарки келди

2 Аяк оона 201819:35 Бишкек Govori.TV

Бишкек.02.09.2018.Govori.TV.

2-сентябрда, Кыргыз Республикасына Фуджейра эмиратынын ханзаадасы (Бириккен Араб Эмираты) Улуу урматтуу шейх Мохаммед бин Хамад бин Мохаммеда Аль Шарки келди.

«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда шейх Мохаммед бин Хамад бин Мохаммеда Аль Шаркини Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов тосуп алды.

Улуу даражалуу шейх Мохаммед бин Хамад бин Мохаммеда Аль Шарки Кыргыз Республикасына жумушчу сапар менен келди.

Сапар алкагында ханзаада Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушат.

Улуу даражалуу шейх Мохаммед бин Хамад бин Мохаммеда Аль Шарки ошондой эле бүгүн Ысык-Көл жээгинде өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанатына катышат.

Количество просмотров: 49