«Замандаш» жана «Биримдик» партияларынын шайлоочулар менен жолугушууда гимндин ырдалуусу тууралуу БШКнын мүчөлөрү чечим чыгаруу үчүн талкуу жүргүзүп жатышат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова соцтармактагы баракчасына жазды.
Абдрахматованын айтымында эл менен жолугушууга чогулган «Замандаш» партиясы Ак-Талаанын гимнин ырдашса, «Биримдик» партиясы өздөрүнүн гимнин эстрада ырчысы И.Абдразаковдун аткаруусунда шайлоочуларга сунушташкан.
Ал эми «Биримдик» партиясынын өкүлү эч кандай концерт болбогонун, жөн гана жолугушуунун соңунда партиянын гимни ырдалганын айткан.
Атыр Абдрахматова БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова юристтер менен кеңешип, талуу кылган соң партияларга карата чечим чыгарабыз деп билдиргенин кошумчалайт.
Ал эми «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери айып пулга жыгылган. Айтылгандай партияга карата даттануу түшкөн. Анда аталган партия талаптарды бузуп, концерт өткөрүп жатканы айтылган.