• Ишенби 31 Тогуздун айы 2020

“Биримдик” партиясынын лидери Марат Аманкулов чуулуу видео тууралуу жооп берди

26 сентября 2020 в 15:39 Бишкек Govori.TV

Интернетте Марат Аманкуловдун сөзү жазылган видео тараган. Анда ал «Евразиялык Экономикалык Биримдик түзүлгөнү менен калктардын ортосунда байланыш жетишсиз болуп жатканын, ал азырынча элдик уюм эмес экенин» билдирген. Аманкулов андан ары өзү төрагалык кылган «Биримдик» партиясы тууралуу айтып, анын башкы идеясы «Евразиячылык» экенин, алар ошого умтуларын кошумчалайт.

«Биздин 30 жылдык көз карандысыздыгыбыз ойлонууга жана кайтууга мезгил жеткенин көрсөттү. Евразиянын жалпы аймагында бириккен гана мамлекет Евразияда эгемен мамлекет боло алат. Биз кыргыздар өзүбүз субъект катары жоготуп албаш үчүн, биз чогуу интеграцияланышыбыз керек», – деген анда Марат Аманкулов.

Социалдык тармактарда муну Кыргызстандын эгемендигине шек келтирүү катары баалап, сын-пикирлер айткандар көп болууда. 

Марат Аманкулов "Биримдиктин" талпагын ташка жайдыбы дейм… Утурумдук, убактылуу саясий же дагы башка кызыкчылыктар…

Опубликовано Эмилбеком Каптагаевым Пятница, 25 сентября 2020 г.

А ведь не спроста делают взбросы о желании Кыргызстана присоединиться к России?И если реально провести опросы не в…

Опубликовано Дастаном Бекешевым Пятница, 25 сентября 2020 г.

«Биримдик» партиясынын лидери Марат Аманкулов өзүнүн мурдагы сөзү боюнча Интернетте тараган чуулуу видео тууралуу билдирүү таратты.

«Бул видео чагым болуп саналат. Ал 2019-жылы Кыргызстан менен Орусиянын кайчылаш жылын өткөрүүнүн алдындагы Москвадагы маданий иш-чара болчу. Ошол иш-чарада жалпы цивилизациялык Евразиялык мейкиндикти жана калктардын тарыхый-маданий байланыштарын эске алуу менен тарыхый-маданий маселелер боюнча кызматташуунун кеңири чөйрөсү талкууланган. Менин кебим Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты, Алтай Республикасынын Эл Курултайынын мурдагы төрагасы, Кыргызстандын алп-досу, Алтай цивилизациясы идеясынын жактоочуларынын бири Иван Итулович Белековдун терең сөзүнө болгон жообум болчу. Ал биздин жалпы тарыхыбыз, кыргыздар менен Евразиянын калкынын жалпы тамыры, Эне-Сайдан Каспийге чейин созулган Кыргыз каганатынын ролу, байыркы Евразиянын тарыхы тууралуу сүйлөгөн. Менин сөзүм контексттен суурулуп алынган шайлоо өнөктүгүндө кээ бир саясий күчтөрдүн жаман технологиялары үчүн пайдаланылууда», – деп айтылат Аманкуловдун билдирүүсүндө.

Провокация дейт. Бет?

Опубликовано Максымом Баткенским Воскресенье, 27 сентября 2020 г.

Расмий кайрылууда ошондой эле «Биримдик» партиясы улуттук платформага негизделерин жана анын башкы баалуулуктары эгемендик, суверенитет, аймактык бүтүндүк жана Кыргызстан элинин улуттук кызыкчылыктары экени көрсөтүлөт.

Количество просмотров: 684