• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Бишимбаевди кармаган полиция кызматкерлерине сөгүш жарыяланды

27 Бугу 2024 17:28 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) былтыр ноябрда мурдагы улуттук экономика министри Куандык Бишимбаевди кармоого катышкан эки полиция кызматкерине сөгүш жарыяланганын билдирди.

Маалыматты ИИМдин расмий өкүлү Чынгыс Алекешев ырастады.

Ноябрь айында экс-министрди кармоо учурунда полиция кызматкери ага кайрылып: «Сыягы, ал [аялыңыз] буга өзү жеткирсе керек» деген.

Бул сөз полициянын видеожетонуна түшүп калган жана 9-апрелде негизги соттук териштирүү учурунда көрсөтүлгөн.

Бул факты боюнча кызматтык иликтөө башталганы кабарланган. Бүгүн ИИМ Патрулдук полиция полкунун инспекторуна «кызматтык тартипти бузгандыгы үчүн» сөгүш жарыяланганын билдирди.

Мындан тышкары коомдук жайды булгагандыгы үчүн Есил райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерине да катуу сөгүш жарыяланды. Видеодон окуя болгон күнү полициячы мурдагы министр менен чогуу көчөдө тамеки чегип, жерге түкүрүп жатканын көрүүгө болот.

13-майда Астананын райондор аралык кылмыш сотунда угузулган өкүмгө ылайык, 31 жаштагы Салтанат Нукенованы «өзгөчө мыкаачылык менен уруп-сабап, кыйнап өлтүргөн» деп айыпталган экс-министр 24 жылга эркинен ажыратылган. Ал жаза мөөнөтүн коопсуздук чаралары күчөтүлгөн абакта өтөмөй болду. Ал эми «кылмышты жаап-жашырган» деген айып менен кармалган Бахытжан Байжанов төрт жылга кесилген.

Количество просмотров: 210