• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Бишкек: 11-класстын окуучусу Кыргызстандын келбеттүү мырзасы аталды

18 Бирдин айы 2018 23:42 Бишкек Govori.TV

18.02.18.Govori.TV

Бишкекте келбеттүү жигиттердин мыктысын тандаган сынакта мектеп окуучусу биринчи орунду алды. №74 мектепте 11-класста билим алып жаткан Аскат Осмонов «Mister universal ambassador Kyrgyzstan-2018» наамына ылайык деп табылды.

Alim Serebrov эл аралык моделдик агенттиги уюштурган сынак 18-февралда Мамлекеттик циркте өтүп, 30 жигит күч сынашты. Жеңүүчү эми аталган агенттик менен келишим түзүп, эл аралык таймаштарга катыша алат.

Жигиттер подиумда өзүн өзү алып жүрүү, моделдик өнөр жагынан төрт багытта мелдешти: улуттук, классикалык, дизайнердик жана өзгөчө кийим. «Улуттук кийим» багытында катышуучулар ат минип чыгышты.

Аталган сынактын шарты боюнча, катышуучунун бою 178 см кем болбошу керек.

Кыргызстанда жигиттердин мыктысын тандаган сынактын жыйынтыгы Mister universal ambassador эл аралык уюмунун социалдык тармактагы баракчаларына да жайгаштырылды.

 

Количество просмотров: 22