• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

“Бишкек Арена” стадиону качан ачылат?

13 Үчтүн айы 202617:47 Бишкек Govori.TV

Эгемендүүлүк күнүндө “Бишкек Арена” стадионунан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын көрө алабыз. Бул тууралуу Орок айылында курулуп жаткан эл аралык класстагы “Бишкек Арена” стадионунун башкы инженери Назирбек Сарбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда курулуш иштеринин негизгилери аяктады.

«Стадион өзү 8 блоктон турат. Бүгүнкү күндө монолит жана бетон куюу иштери 100% аяктады. Көрүүчүлөрдү жаан-чачындан коргоочу беш бөлүктөн турган металл конструкциялары орнотулууда. Андан сырткары, стадиондун ичиндеги тегиздөө, бөлмөлөргө бөлүү сыяктуу негизги иштер жасалууда. Ошондой эле сырткы инженердик, суу, канализация орнотуу иштери 95%га аяктап калды. Курулуш орто эсеп менен алганда 60%га бүттү. Март айында орундуктар орнотулат. Башында 45 миң орунга деп эсептелинген. FIFA уюмунун талабы менен 51 миң орунга көбөйттүк», — деген ал.

Количество просмотров: 105