• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

«Бишкек башкы архитектурага» жаңы жетекчи дайындалды

15 Теке 202116:59 Бишкек Govori.TV

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Канат Анарбеков «Бишкек башкы архитектура» мамлекеттик мекемесинин жетекчиси болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукту Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчилиги чыгарды.

Буга чейин «Бишкек башкы архитектураны» Максатбек Молдомырзаев жетектеп келген. Ал өзү жазган арыздын негизинде кызматынан бошотулду.

Количество просмотров: 339