Бишкек—Чалдовар унаа жолунун 80-чакырымындагы жол кырсыктын кесепетинен 5 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда Чүй облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Түзүмдүн маалыматы боюнча, жол кырсык бүгүн Чүй облусунун Панфилов айылында болду. «Тойота Ипсум» үлгүсүндөгү унаа жолдун каршы тилкесине чыгып, «Хонда Аккорд» менен кагышкан.
«Жол кырсыктан 5 адам жабыркады, алардын ичинен 1 адам «Хондада», 4 адам «Тойота» унаасында бара жаткан. Алардын баары аймактык оорукана кайрылды», — деп айтылат маалыматта.