• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкек депутаттары бөлүп алды делген 150 миллион сомду иликтөө өтүнүчү Башкы прокуратурага жиберилди

25 Жалган куран 2021 12:33 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жарандык демилгелерди ишке ашыруу үчүн 2020-жылдын бюджетине киргизилген 150 миллион сомду кайда жумшагандыгы жөнүндө отчет бериши керек. Бул тууралуу пенсионерлердин демилгелүү тобунун мүчөсү Жамиля Насирова 24.kg маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

«Бул акча кайда кетти деп ойлонуп жатабыз. Эмне үчүн пандемия учурунда 150 миллион сом шаардыктарга жиберилген эмес, ал учурда баарына эле оор болгон. Биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев акча шаардын инфраструктурасына жумшалгандыгын айттып жатат. Мен муну зарыл экенин билем, бирок пандемия болгондо бул балдар аянтчалары, кире бериштерди оңдоонун кажети жок болчу. Бизге ал каражат кандай сарпталдганы тууралуу маалымат беришсин», — деди ал.

Насирова кошумчалагандай, жайында депутаттар бюджетти карашкан. «Эмне үчүн алар андан кийин бул токтомду кайра карап чыгышкан жок, аны пандемияга жиберүүнү сунуш кылышкан эмес?».

Мындан тышкары, анын айтымында, өткөн жылы БГК аппаратын кармоого бюджеттин эсеби эки эсе көбөйтүлгөн — 61 миллион сомго чейин, ал эми 2019-жылы 33 миллион гана болгон.

Жамиля Насирова Башкы прокуратурага кайрылып, 150 миллион сом жарандык демилгелерге кайда кеткенин жана эмне үчүн шаардык кеңештин аппаратын кармоого бюджеттин көлөмү эки эсе көбөйгөнүн иликтөөнү өтүнгөнүн кошумчалады.

Эскерте кетсек, буга чейин борбор калаанын экс-мэри Нариман Түлеев пандемия учурунда Бишкек шаардык кеңешинин ар бир депутаты шаардыктардын муктаждыктары үчүн жарлык менен өзүнө 3 миллион сомдон бөлүп алышканын айткан. Бишкек шаарынын мэриясы 2020-жылдын бюджетинде жарандык делген демилгелерди ишке ашыруу үчүн иш жүзүндө 150 миллион сом бөлүнгөнүн, бирок 40 миллион 710,4 миң сом гана коротулгандыгын билдирди. Бул акчанын бөлүнүшүн жана колдонулушун БГКнын депутаттары көзөмөлгө алышкан.

Количество просмотров: 80