• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкек электр тармактар ишканасынын директору кармалды

29 Чын куран 202611:59 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Бишкек электр тармактар ишканасынын директору (А.М.), башкы эсепчиси (Ч.И.) жана анын орун басары (Д.Ш.) кармалганын кабарлады.

Мекеменин маалыматына ылайык, алар 2023-жылдан 2026-жылдын март айына чейин алдын ала сүйлөшүп алып, мамлекеттик ишкананын каражатын мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча кылмыштуу схеманы уюштурган деп шек саналууда.

Тергөөдө бухгалтерия аркылуу жасалма документтер түзүлүп, акча маяна катары көрсөтүлүп, башкы эсепчинин орун басарынын (Д.Ш.) банктык эсебине которулуп турганы аныкталган. ИИМ кийин шектүүлөр аны бөлүштүрүлүп алып келгени, анын жыйынтыгында ишканага көп суммада зыян келтирилгенин кошумчалады.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөр эки айга камакка алынды.

Количество просмотров: 187