• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Бишкек: Маршруткада бара жаткан жүргүнчү каза болду

10 Баш оона 202112:41 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында маршрутканын жүргүнчүсү каза болду. Бул тууралуу маалымат социалдык тармактарга жарыяланды. Маалыматты Ыкчам медицина борборунун директорунун орун басары Егор Борисов тастыктады.

Маалым болгондой, бүгүн, 10-августта №111 кичи автобуста бараткан жүргүнчү өзүн жаман сезип, эс -учун жоготкон. Кичи автобус Чүй проспектисиндеги аялдамадан алыс эмес жерде токтогон.

«Тез жардам кызматына» чакыруу саат 8:50дө түшүп, бригада 9:10до жерине барган. Анда медиктер кишинин каза болуп калганын аныктаган, бирок азырынча себеби белгисиз. Маркумдун ким экени дагы тактала элек.

Алдын ала маалымат боюнча, ал 30 жашта болчу

Количество просмотров: 1779