«Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйында Жарандык авиация агенттигинин директору Сталбек Шаршеев бүгүнкү күндө Бишкек—Москва авиакаттамындагы билеттин баасы 25 миң сомдон 50 миң сомго чейин болуп жатканын билдирди.
Анын айтымында, карантинге чейин Москвага авиабилеттердин баасы 10 миң сомдон 12 миң сомго чейин болчу.
«Туруктуу каттамдардын чектелиши жана учуп кетүүгө кызыкдар адамдардын көптүгү авиабилеттердин кымбатташына алып келди. Бул авиажүргүнчүлөрдүн арасында социалдык кыжырданууну жаратууда. Бүгүнкү күндө Россия тарапка учуп кетүүнү каалагандар аябай көп. Авиакомпаниялардын өкүлдөрүнүн айтымында, чартердик жана туруктуу каттамдарды аткарган учактар 95 пайызга толуп жатат», — деди Шаршеев.
Пандемияга чейин Бишкек—Москва—Бишкек каттамы боюнча жума сайын 30дан ашуун каттам жасалчу. Авиабилеттердин орточо баасы 12 миң сом болчу. Учурда авиабилеттердин эң арзаны 25 миң сом болуп жатат.
Ошондой эле Шаршеев авиакомпаниялар билеттердин баасын пандемия учурундагы чыгымдардын кесепетинен жогорулатышканын айтты.
Анын айтымында, авиабилеттердин баасы жогорулаганына байланыштуу Жарандык авиация агенттиги россиялык кесиптештерине учурдагы чартердик авиакаттамдарды ошол эле маршрут боюнча туруктуу каттамга өткөрүүнү суранып кайрылышкан.
Шаршеев билдиргендей, мындан улам авиакомпаниялар бири-бири менен атаандашып, бул билеттердин арзандашына алып келет.