• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бүгүн Москвадан Бишкекке 421 кыргызстандык учуп келди

21 Кулжа 2020 15:59 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 21-июнь күнү Москвадан Бишкекке 421 кыргызстандык жаран кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мекендештер «Аэрофлот» авиакомпаниясынын учагы менен учуп келген. Анын ичинде кийинекей балдар бар.

» Мекенине кайтууну каалаган жарандардын саны көп болгондуктан, келе турган жарандардын тизмеси Москвадагы кыргыз медициналык клиникаларынын дарыгерлеринен, кыргыз диаспорасынын, Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин өкүлдөрүнөн турган комиссия тарабынан түзүлгөн»,-деп айтылат маалыматта.

Тандоо жарандардын кайрылууларынын, анын ичинде кош бойлуу жана кичинекей балдары бар аялдардын, оор илдети бар адамдардын кайрылууларынын негизинде жүргүзүлгөн.

Учуп келген жарандардын баары тиешелүү түрдө обсервацияга жаткырылат.

Количество просмотров: 140