• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бишкек-Ош кан жолу ачылды

28 Бештин айы 2017 12:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек – Ош жолу бүгүн таңда жүк ташуучу унаалар үчүн ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Элмира Шерипова билдирди. Анын айтымында аталган жол кечээ, 27-декабрда 23:30да жеңил унаалар үчүн, бүгүн таңкы 8:30да жүк ташуучу унаалар үчүн ачылды.

Кечээ, 27-декабрда калың жааган кардан улам Ош – Бишкек жолуна убактылуу чектөө киргизилген. Мындан улам Чүй облусунун Жайыл районундагы «Сосновка» постунда 120 оор жүк ташуучу жана 225 жеңил автоунаа, ал эми Токтогул районунун «Арал» постунда 500 оор жүк ташуучу жана 200 жеңил машине топтолгон болчу.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочуларга унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоону эскертет.

Количество просмотров: 2