• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Бишкек-Ош: Токтотулган авиакаттамдын жүргүнчүлөрү акчаларын кайтарып алса болот

9 Тогуздун айы 201916:18 Бишкек Govori.TV

2019-жылдын 9- октябрында Эйр Манас авиакомпаниясынын Бишкек-Ош- Бишкек авиакаттамында техникалык себептерден улам 3 каттам убактылуу ​ токтотулду.​ ​

Авиакомпаниянын техникалык кызматкерлери тарабынан ​ бузулуу себептерин жоюу иштери жүргүзүлүп жатат. Токтотулган авиакаттамдын жүргүнчүлөрү билеттерин башка күнгѳ алмаштырып,​ же акчаларын кайтарып алса болот. ​ ​

​ ​ Токтотулган каттамдардын жүргүнчүлѳрүнүн билеттери ​ башка рейстерге алмаштырылып, ​ же​билетке төлөнгөн акча каражаттарын толук көлөмдө кайтарып алса болот. Токтотулган каттамдардын каалаган жүргүнчүлөрүнө​ Авиакомпания тарабынан​ ​ мейманканадан орун берилди.

​ Ал эми​ башка Авиакомпаниялардын ушул багыттагы каттамдары “Бишкек- Ош –Бишкек” ѳз убактыларында аткарылып жатат, тактап айтканда, Тезжет жана Авиатрафик учууларын ​ кадимки режимде улантууда.

Количество просмотров: 97