• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкек — Ош жолунда эки унаа кагышты. Жабыркагандар бар

25 Бирдин айы 202210:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек-Ош унаа жолунда эки унаа кагышып, 2 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 460-чакырымында “ВАЗ 2121” үлгүсүндөгү жана “Хюндай Портер” үлгүсүндөгү унаалардын каттышуусунда жол кырсыгы катталган.

«Натыйжада 1979-жылы туулган М.Б. жана 1978-жылы туулган Т.Н.аттуу эркек кишилер жабыркап, куткаруучулар жеткенге чейин тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилди»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 129