• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларына шайлоо бюллетендери жөнөтүлдү

1 Теке 2021 12:50 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-июлда Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек, Ош жана Токмок шаарларына кайра шайлоо өткөрүүгө шайлоо бюллетендерин жөнөттү. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңешине депутаттарды кайра шайлоо үчүн 611 миң 71 бюллетень, мындан тышкары 326 бюллетень Брайл шрифти менен даярдалган.

«Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына (АШК) – 45 миң 532, Ош АКШга – 148 миң 370, Токмок АШКга – 37 миң 169 бюллетень жөнөтүлдү»,-деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, шардык кеңештерге депутаттарды кайра шайлоо үстүбүздөгү жылы 11-июлга белгиленген.

Количество просмотров: 78