• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Бишкек-Ош жолуна чектөө киргизилет

29 Бештин айы 20178:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.12.2017.Govori.TV

Бишкек-Ош унаа жолунда 31-декабрга чейин саат 12:00дөн 00:00гө чейин чектөө киргизилет.

Жалпы пайдалануудагы унаа жолдорунда кар көчкүлөрүнүн түшүшүн, жер көчкүлөрдү эскертип жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча туруктуу иш алып баруучу штаб 2017-жылдын 27-декабрынан 31-декабрына чейин Бишкек-Ош унаа жолунда оор жүк ташуучу жана башка унаалар үчүн күндүн саат 12:00дөн 00:00гө чейин Чүй облусунун Жайыл районунун “Сосновка” өткөрмө пунктунда, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жана Талас облусунун Өтмөк ашуусунда чектөөлөрдү киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри – Жарандык коргонуунун мекемелер аралык комиссиясынын төрагасынын 2017-жылдын 27-декабрында №2 буйрутмасы чыккан.

 

Количество просмотров: 20